Пример HTML-страницы

Баткенде «Мерседесин» чимирилтип айдаган адамга 15 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Раззаков көчөсүндө унаасы менен ээнбаштык жасаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу унаасын кечинде чимирилтип айдаган. Ага Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине () ылайык 15 миң сом айып салынып, унаасы айып корого киргизилди.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 189-беренеси (автоээнбаштык).

Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети. Жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE