Баткенде кырсыкка кабылган жеңил унаа экиге бөлүнүп, өрттөнүп кеткен. 23 жаштагы жигит көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы жигит каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 26-августта саат 01:30 чамасында аталган унаа жолдун 220-чакырымында, тактап айтканда Баткен районунун Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында болгон.

«Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги бетон тосмого урунуп, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен унаа экиге бөлүнүп, өрттөнүп кеткен. Унаада 3 адам бара жаткан. Алардын экөө куткарылып, 23 жаштагы жигит каза тапты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️