Пример HTML-страницы

Баткенде кыргыз жана тажик жетекчилери жолугушуп, Курман айт майрамы менен бири-бирин куттукташты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushПрезиденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолукту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушуу Баткен шаарында өттү. Жолугушууга облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары, чектеш жайгашкан район-шаар башчылары да катышты.

Облус башчылары алгач алдыда келе жаткан Курман айт майрамы менен бири-бирин куттуктап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы ар дайым тынчтыктын, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын чек арасы болушуна тилектештигин билдиришти. Аны менен катар жаңыдан кызматка дайындалган облустук укук коргоо органдарынын жетекчилерин тааныштырышты.

Тараптар эки облустун аймактарында тынчтыкты камсыз кылуу багытындагы биргелешкен иш аракеттерди талкуулашты. Облус башчылары коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча облустун күч түзүмдөрүнө тапшырмаларды берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE