Пример HTML-страницы

Баткенде кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынууда. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өткөн жылы Баткен облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы сорттогу үрөндөр себилген.

2024-жылдын жазында облус боюнча жалпы 20 778 гектар жерге кылкандуу дан себилип, өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин аянты 200 гектарга көбөйгөн.

Күздүк себүү багытында 2024-жылдын түшүмү үчүн 2023-жылы күзүндө 5900 гектар күздүк себилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE