Пример HTML-страницы

Баткенде куткаруучулар үйлөргө кооптуулук жараткан 25 тонналык таштарды жылдырышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Согмент айылындагы кооптуу жаштар жылдырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тоо боорундагы таштар 4 үйгө кооптуулук жаратып жаткан. Бул иштерге Баткен шаарынын №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын ондон ашуун куткаруучусу үйлөргө кооптуу болгон 6 тоннадан 25 тоннага чейинки салмактагы таштарды кол менен коопсуз жерге жылдырышты.

Бул учурда аталган үйлөрдө жашаган үй-бүлөлөр убактылуу башка жерде болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE