Баткенде куралдуу кармашууда каза тапкан Улан Сарыбаевдин элесине арналган мелдеш өтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-август күнү Баткен шаарында республикалык деңгээлде күч түзүмдөрүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш башталды.

Бул спорттук иш-чарага ИИМдин борбордук аппараты, Талас, Бишкек, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош шаарындагы, Ош облусундагы ички иштер башкармалыктары, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, ИИМдин атайын багыттагы полку, күзөт кызматынын өздүк курамынан түзүлгөн ИИОнун кызматкерлеринин командалары болуп, жалпысынан 11 команда катышып жатат.

Спорттук иш-чара маркум милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин элесине арналып уюштурулган.

Улан Сарыбаев 2006-жылы 12-майда Баткен облусунда куралдуу кылмышкерлер менен болгон атышууда баатырларча курман болгон. Анын жаркын элеси кесиптештеринин жана өлкөнүн бардык милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталлып калды. Спорттук иш-чара 2006-жылдан бери ИИМдин «Динамо» дене тарбия-спорт комплексинде жыл сайын өткөрүлүп келет.

2 күнгө созулган мелдеш 17-август күнү жыйынтыкталат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️