Баткенде катуу жамгырдан улам сел жүрүп, унаа жолдор жабылды (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда Айгүл-Таш—Согмент—Таян, Сох—Кан—Зардалы, Коргон—Катраң—Баул унаа жолдору жабык. Ал жерлерге аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.

Ошондой эле, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен—Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду. Кошумча маалымат берилет.

ӨКМ бүгүн, 10-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүшү ыктымал экенин кабарлаган. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн экени айтылган.

Пример HTML-страницы

10-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️