Баткенде эвакуацияланган адамдар: Селдин кесепеттерин көрсөтүштү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Баткендин Ак-Татыр айылындагы сел каптаган тилкелерден кабар алды.

Анын айтымында, бул аймакта жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда сел калдыктарын тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бүгүн таң эрте башталган тазалоо жумуштарына улай материалдык чыгымдын көлөмүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары жаратылыш кырсыгы катталган бул чөлкөмдү ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери изилдеп жатышат. Алардын жыйынтыгына карап инженердик-техникалык жумуштар аткарылмакчы.

————————————

Кечээ, 10-июлда Баткен районунда жүргөн селден улам Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен жалпы 137 адам туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 50сү жаш бала. Айылдын мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Бирок ал жерде жайгашкан тургундар жок.

Пример HTML-страницы

Ага катар эле сел үйлөргө, жолдорго кирип, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

ӨКМ 10-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүшү ыктымал экенин кабарлаган. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн экени айтылган.

Кечээ, 10-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөнүн кабарлашкан.

Маалыматка караганда, селден улам Айгүл-Таш—Согмент—Таян, Сох—Кан—Зардалы, Коргон—Катраң—Баул унаа жолдору жабылган.

Ошондой эле, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен—Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтогон.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ Баткен районунун Айгүл-Таш айыл аймагында саат 15:30да катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.

Мааалыматка караганда, жааган мөндүр эгиндерди толугу менен талкалады. Кара-Булак айылынын үлүш жерлери да бар. Бул аймакта көпчүлүк тамеки өстүрөт. Айыл Ош—Баткен—Раззаков жолунун эски багытынын боюнда жайгашкан. Айгүл-Таш айылы аркылуу Дара, Кыштут айыл аймактарынын жашоочулары катташат. Селден улам жол убактылуу жабылган.

Буга чейинки жамгыр жана сел:

24-июлда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 288-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел түшүп, жол убактылуу жабылган.

Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болуп, 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️