Баткенде энергетиктердин ишин жакшыртууга багытталган семинар башталды

TurmushБүгүн, 11-апрелде «Ошэлектр» ААКтын Баткендеги филиалынын базасында «Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу» аталышындагы семинар башталды. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, семинарды «Улуттук энергетикалык холдингдин» башкармалыгынын төрагасы Т.А.Байгазиев ачып берди. Ал Баткен облусундагы 110кВ «Раззаков» көмөкчү чордону курулуп, ишке берилгендигин жана CASA-1000 долбоору боюнча жумуштардын аткарылуусу тууралуу айтып берди.

Андан кийин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев мындай семинардын Баткенде өтүп жатканы Энергетика министрлиги облуска жана жашоочуларга көңүл буруп жатканын түшүндүрөрүн айтты. Ал эми «Ошэлектр» ААКтын башкы директору М.Э.Жумаев семинардын жыйынтыгында электр тармактарында иштеп жаткан кызматкерлердин эмгегин белгиледи.

Семинардын биринчи күнү:

— «Түндүкэлектро» ААКтын 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысына СИП үлгүсүндөгү зымдарын монтаждоо ыкмаларды колдонуу жумуштарын көрсөтүү;

— «Жалалабадэлектро» ААКтын «Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу фактысын аныктоо жөнүндөгү» көрсөтмө иш чараларын көрсөтүү;

Пример HTML-страницы

— «Чыгышэлектро» ААКтын 10 кВ аба чубалгысындагы мамычадан электр тогунун таасиринен жабырлануучуну (муляжды) бошотуу жана медициналык жардамга чейинки алгачкы жардам берүү боюнча иш-чараларды көрсөтүү.

Аталган семинар 2 күнгө созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️