Пример HTML-страницы

Баткенде экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген адам кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунда социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, таркатылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, жыйынтыгында алар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Өзбекистан Ислам Кыймылы» диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болду. Жогорудагылардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 33 жаштагы тургуну И.А. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE