Баткенде чек арачылардын коштоосунда бараткан айдоочу элдин арасына кире качып, куралдуу чыр-чатак орун алды

TurmushБүгүн, 24-мартта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан чек ара кезмети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унааны сарайлардын биринде пластмасса жүктөрү менен аныкташкан.

«Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны чек ара заставасына айдап баруу чечими кабыл алынган. Автоунааны сарайдын ээси айдап, аны УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери коштоп бара жаткан.

Борбордук айылына жакын жолдо, Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулган жерде аталган айдоочу унаасын токтотуп, качып кеткен. Тажик Республикасынын жарандары УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармоого аракет кылышкан.

«Hyundai Porter» үлгүсүндөгү автоунаанын артынан келе жаткан Кыргызстандын «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын башчысы аскер кызматкерлерин кармап жана курал-жарактарды алуунун алдын алуу максатында бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болгон.

Тажик Республикасынын жарандары УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармай алышкан эмес. Бирок алар «Калашников» автоматынын 1 даанасын ок-дарысы жок жана 1 радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Пример HTML-страницы

Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда токтоосуз телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анын жыйынтыгында жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле, анда тажик тарап автомат жана радиостанцияны тапшыра турган болду», — деп айтылат маалыматта.

Саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Кийинчерээк аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Лейлек чек ара отрядынын командири менен милиция кызматкерлери тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, куралды кайтарып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️