Пример HTML-страницы

Баткенде чагылган тийген дарак бир нече бөлүккө бөлүнүп кетти

TurmushБаткен районунун Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында жамгырдан кийин чагылган түштү.

Жергиликтүү тургундар Turmush басылмасына билдиргендей, чагылган каналдын жээгиндеги жалгыз даракка түшүп, ал бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен. Дарактын бөлүктөрү 50 метрге чейин чачыраган.

Жашоочулар күн бүркөлүп, чагылган болгондо талаада эгин эгип, мал кайтарып жүргөндөрдү дарактардан алыс болууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE