Баткенде биринчи жолу өтүшүп кеткен өпкө оорусун атайын аппараттын жардамы менен дарылай башташты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде биринчи жолу өтүшүп кеткен өпкө оорусун атайын аппараттын жардамы менен дарылоо ишке ашты. Бул тууралуу Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Жыргалбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, өпкө ооруларын дарылоодо бронхоскопиялык аппарат иштей баштады.

«Бул аппараттын жардамы менен 2 адисибиз — Элмурат Эркулов менен Батыр Хожакановдор иш алып барып жатат. Адистер бул багытта Ташкент шаарына барып, кесиптик тажрыйбаларын жогорулатып келишти. Бул да болсо тиешелүү аппараттардын жардамы менен элге көрсөтүлүп жаткан кызматтардын бири. Анткени өтүшүп кеткен өпкө ооруларына сырттан укол бергенден көрө, бул аппараттын жардамы менен оорунун өзүнө дары койгон пайдалуу болот.

Бул аракеттер министрликтин аймактагы ооруканаларды өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштеринин катарында жасалып жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️