Баткенде бензиндин баасы 70 сом 90 тыйынга чыкты

TurmushБаткен шаарында бензиндин баасы 71 сомго чамалады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бүгүн, 9-апрелге карата АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 70 сом 90 тыйынга чыкты. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 69 сом 20 тыйындан болуп жатат.

Солярканын баасы 67.90 сом болсо, газдын баасы 38.5 сом болууда.

Азыркы тапта Ош шаарындагы АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 69 сом 70 тыйынды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️