Баткенде баңгизат сатууну көздөгөн шектүү кармалды

Сүрөт Баткен ОИИБге таандык Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында баңгизат сатууга аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкеринин ыкчам маалыматтарынын негизинде кылмыш иши козголгон. Баткен районунун аймагында белгисиз жаран жашыруун түрдө баңгизат колдонуп жүргөндүгү боюнча ыкчам иликтөө иштери башталган.

Жыйынтыгында Кадамжай районунун 34 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну Баткен шаарынан кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизатка окшогон зат табылып алынды. Тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда 2,72 граммдан ашуун гашиш баңгизаты зат экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️