Пример HTML-страницы

Баткенде бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнү белгиленди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарында Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Баткен облустук кан борборунда өттү. Анда 30 жолудан ашык кан тапшырган жарандар «Кыргыз Республикасынын ардактуу донору» наамына татыктуу болуп, төш белги менен сыйланышты.

Ошону менен катар кан донорлорун уюштурууда жана кан запасын толуктоого зор салым кошкон жарандар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгеги бааланды.

Иш-чарада өзгөчө кырдаалдар, чек ара аймактарында болуп өткөн куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган жарандарга жардам көрсөткөндөрдүн дарегине ыраазычылыктар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE