Пример HTML-страницы

Баткенде 826 миң сомдук телефондорду уурдоого шектелген адамды Таластан кармап кетишти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКызыл-Кыя шаарында телефондорду уурдоого шектелген адам Талас облусунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 20-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну Ж. С.нын телефондорду сатуучу дүкөнүнө белгисиз адам эшиктерин бузуп кирип, жалпы суммасы 826 миң сомдук телефондорду уурдап кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иш козголгон. Издөө иштеринин жыйынтыгында 26-июнь күнү кылмышка шектүү жаран А.М. Талас облусунан кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоо жайына алынып келинди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE