Пример HTML-страницы

Баткенде 603 млн сомдон ашык акчага КММАнын комплекси курулуп жатат. Кандай иштер аткырылды? Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарынын Чет-Булак аймагында Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу жана дарылоо комплексинин курулуш иштеринин 95 пайызы аяктады.

Мэриянын маалыматы боюнча, курулуш иштерин 2024-жылдын июнь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатат.

КММАнын бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603,5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздалат.

Курулуш үчүн 1,25 га жер аянты бөлүп берилген. Комплекс эки корпустан турат. Экинчи имарат жатакана.

Курулушка 2023-жылдын 28-июнунда президент Садыр Жапаров капсула салган.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат.

Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адисти жумуш орду менен камсыздоо пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE