Баткенде 5 адамга кол салган иттен кутурма аныкталды

Акыркы жанылыктар

Turmush13-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 5 адамды тиштеген иттен кутурма аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Баткен ветеринардык башкармалыгынын башчысы Эркин Таштанов билдирди.

Маалыматка караганда, айыл өкмөттө кутурманын 2 учуру катталган.

«Кара-Бак айыл өкмөтүндө кутурманын 2 учуру катталды. Бири Чет-Кызыл айылында жолбун иттен жана Кара-Бак айылында келемиштен аныкталган. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 64 ит атылып, 80 ит кутурмага каршы эмделди. Жана ошол кутурма аныкалган зонанын тегерегиндеги 37 бодо мал эмдөөдөн өттү.

Андан сырткары ошол жердеги тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аймакта чектөө киргизилген. Ветеринардык кызмат, медициналык кызмат, ички иштер бөлүмдөрү, айыл өкмөт, экология, билим берүү бөлүмдөрү эл арасында өздөрүнө тиешелүү иштерди жүргүзөт.

Негизи кутурма талаада жапайы жаныбарлардан жугат. Алар айылдагы ит мышыктарга менен контакт болуп таркайт», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Окуя тууралуу:

13-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 5 адамды жолбун ит тиштеген. Бул тууралуу маалыматты Баткен ветеринардык башкармалыгынын башчысы Эркин Таштанов тастыктаган.

Маалыматка караганда, аларга айыл аймактын башчысы кабар берген.

«13-октябрь күнү кечки саат 20:00 чамасында бизге Кара-Бак айыл өкмөт башчысынан «белгисиз ит айыл аралап, тургундарды тиштеди» деп кабар келип түштү. Ошол замат ветеринардык башкармалыктан топ түзүлүп, барып жеринде иликтөө ишин жүргүзүп келишти. Азыркы күндө дагы айылда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолбун иттерди атуу боюнча көрсөтмөлөрдү берип, көзөмөлдөп жатышат. Бизде вакцина, дары-дармектер жетиштүү. Бардык айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилген. Бул боюнча тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат», — деген ал.

Иттен жабыркаган адамдар облустук ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон.

«Баткен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна эртең менен Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан шашылыш билдирүү келип түшкөн. 5 адам белгисиз иттен жабыркады деп кайрылышкан. Бардыгы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тургундары. Чет-Кызыл айылынын тургундары. Бүгүнкү күндө ошол 5 адам Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатышат. Алар 3 ай дарыгерлердин көзөмөлүдө болушат», — деген Баткен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун башкы дарыгери Асел Кошбаева.

Адамдарды тиштеген ит атылып, анализдер лабороторияга жиберилген.

  • Сентябрь айында Баткен районуна караштуу Суу-Башы айыл аймагында жолбун иттер адамдарга жана мал-жандыктарга кол салып, кой-эчкилердин курсагын жарып, жеп кеткени кабарланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️