Баткенде 34 жаштагы тургун эки баласы менен унаада бара жатканда каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районундагы жол-транспорт кырсыгынан айдоочу каза болду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, кырсык кечээ, 8-июлда саат 17:00 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 179-180-чакырым аралыгында, тактап айтканда Жаш-Тилек айылында болгон. Чыгышты карай бара жаткан «Дэу Ланос» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, чуңкурга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 34 жаштагы айдоочу көз жумду. Ошондой эле кырсыкка кабылган унаада айдоочунун 4 жана 5 жаштагы балдар да бара жаткан.

Кадамжай жалпы дарыгерлик практика борборунан аталган эки баланын абалы жакшы экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️