Баткенде 3 майрам белгиленип, Өзбекстандан коноктор келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-августта Баткен районунда Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Баткен районунун 90 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү.

Маалым болгондой, саамалык мамлекеттик ишмерлер Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Абсамат Масалиев, Мурат Салиховдун айкелине гүлчамбарларды коюу менен башталды. Баткен шаарынын борбордук стадионунда айыл чарба продукцияларынын, кол өнөрчүлөрдүн, килемчилердин, тамак-аш азыктарынын көргөзмөлөрү уюштурулду. Баткен районунун 90 жылдыгына арналган тасма жана райондун түптөлүү тарыхы тууралуу театрлаштрылган көрүнүш тартууланды.

Ошондой эле Өзбекстандын Фергана облусунун, Сох, Риштан райондорунун жетекчилери майрамдык иш-чаранын ардактуу коноктору болушту. Концерттик программасы тартууланды. Спорттун бир канча түрү боюнча мелдештер уюштурулду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️