Баткенде 3 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 3-сентябрда Баткен шаарында көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Гүлзат Бектурсунова, Айымбүбү Пайзуллаева, Жээнгүл Шайдуллаева «Баатыр эне» орденине ээ болушса, Чынар Жаныкулова менен Махабат Садыкова «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.

Баткен шаарында бүгүнкү күнгө чейин «Баатыр эне» ордени менен 327 аял сыйланган. Ал эми «Эне даңкы» медалын менен 176 эне алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️