Пример HTML-страницы

Баткенде 27 жылдан бери суу жүрбөй калган Кара-Кол каналы 26 млн сомго оңдолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айыл аймагы Кара-Кол аймагындагы 27 жылдан бери суу жүрбөй калган Кара-Кол каналы капиталдык оңдолуп жатат. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, узундугу 14 чакырым болгон бул канал бүткөрүлсө аталган аймакта 1000 гектарга жакын жерди өздөштүрүүгө болот. Жаңы жерлерди өздөштүрүү долбоорунун алкагында 3 чакырымдан ашык аралыктан суу тартылат. Учурда 1 км жакын аралыкка суу түтүктөрү орнотулган. 2024-жылы суу түтүктөрүн орнотуу толугу менен аяктап, аймакка суу берилет. Ал эми долбоордун экинчи этабында 1200 гектар жерди тамчылатып сугаруу системасы аркылуу өздөштүрүү каралган.

Учурда жаңы жерлерди өздөштүрүү долбоорунун алкагында Сары-Таш, Таңги, Көтөрмө-Мазар жерликтериндеги Кара-Кол каналын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Кара-Кол каналын оңдоп- түзөө иштери үчүн 26 млн 876 миң 885 сом акча каралган. Аталган сумма мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Кара-Кол каналын оңдөп-түздөө иштери 2 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этабында суу түтүктөрү орнотулуп, аймакка сугат суу алынып келинсе, экинчи этабында 1200 гектар жер аянты тамчылатып суугаруу аркылуу өздөштүрүлөт.

Каналдын курулуш иштерин «АМИН» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «АМИН» ЖЧКсы 2015-жылы 10-январда каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү катары Садыков Абдисатар Сайталыевич көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE