Баткенде 17 жаштагы окуучулар бараткан унаа кырсыкка кабылган. Алардын бири каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында окуучулар катышкан жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя аталган айыл аймакка караштуу Көк-Талаа айылында катталган. Анда 11-класстын окуучулары туулган күндөн кайтып келе жатып, кырсыкка кабылган. Унаа электр мамычасын сүзүп, токтоп турган унааны көргөн башка айдоочулар ичиндеги балдарды ооруканага жеткирген.

Кадамжай аймактык ооруканасынан Turmush басылмасына билдиргендей, 21-сентябрга караган түнү жол кырсыгына кабылган үч бала жарандар тарабынан аталган ооруканага алынып келген.

«Бизге үч бала келген. Алардын бирөө окуя болгон жерде эле каза болгон экен. Анын сөөгүн мейитканага киригизишкен. Экөө ооруканага жаткырылган. Бири сынык-жараат бөлүмүнө, экинчисинин абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жаткырганбыз. Бейтаптар 2007-жылы туулган балдар», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалыматка караганда, кырсык 2024-жылдын 20-сентябрында саат 22:46 чамасында Кадамжай районунун Айрыбас айыл аймагы аркылуу өткөн Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 104-чакырымында болгон. Кадамжай районунун Айрыбас айылынын тургуну — 2007-жылы туулган Б.З.М «Дэу Ланос» үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун оң жагына чыгып, ала салып кетип жол кырсыгына кабылган.

Пример HTML-страницы

Кырсыктын кесепетинен аталган унаанын айдоочусу Б.З.М. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Көк-Талаа айылынын тургуну — 2007-жылы туулган М.О. Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык бөлүмүнүн жандандыруу бөлумүнө жеткирилген. Ушул эле унаада бара жаткан жүргүнчү — Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Көк-Талаа айылынын 2007-жылы туулган тургуну Э.А.Р. денесинен алган жараатынан улам аталган оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️