Баткенде 100 жаштан ашкан 12 адамга акчалай белектер тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде 100 жаштан ашкан 12 адамга облус жетекчилигинин резервдик фондунан акчалай белек тапшырылды. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 100 жаштагы тургуну Бөдөнова Шарапат апага жолугуп, Карылар күнү менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катын тапшырып, акчалай белекти тапшырды.

Шарапат апа жаш кезинде колхоздо пахта жыйнап, чөп чаап эмгектенип жүргөн. 1 уул, 1 кызга татыктуу тарбия берип учурда 11 небере, 20дан ашуун чөбөрө жана кыбыраларды өстүрүп, бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө.

Жалпысынан облус боюнча 100 жаштан ашкан 12 адам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️