Пример HTML-страницы

Баткенде 1 жумада 51 унаа айып короого киргизилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунда 27-майдан 2-июнга чейинки аралыкта 971 жол эрежелесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 51 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

— тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 21 айдоочу,

— мас абалында унаа башкарган — 18 айдоочу;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 159 айдоочу,

— мыйзамсыз терезелерин караңгылатып алган — 3 айдоочу;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 770 факты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE