Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында таза суу чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Чет-Булак кварталында таза суу чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, суу чыгаруу үчүн казуу иштери 1 ай мурда башталган. Жер астынан чыгарылган суу, түтүкчө аркылуу суу кампасына жеткирилет. Анда секундасына 16 литр суу чыгат. Бул иш демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, учурда ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаар тургундары катышты. Былтыркы жылы кошумча суу кампасын курууга жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн.

Аталган демилге быйылкы жылдын планына киргизилген. Эми Чет-Булак аймактык башкармалыгындагы жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгындагы Тамаша-Жай аймагынын 600дөн ашуун кожолук таза суу менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️