Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 3 млн сомго суу кампасы курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Чет-Булак кварталына суу кампасы курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1000 кубдук суу кампасы үчүн мэрия тарабынан 3 млн сом каралган. Буга чейин аталган аймакка демөөрчүлөр тарабынан 2022-жылы да кампа курулган.

Алдыда суу кампалары ишке берилсе Баткен шаарындагы Чет-Булак кварталы жана Тамаша-Жай участкасындагы 600 кожолуктан ашуун жашоочулар таза суу менен камсыз болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️