Пример HTML-страницы

Баткен шаарындагы жубайлар 3 эм кыздуу болушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарындагы жубайлар 19-июнда 3 эм кыздуу болушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шаардын Чет-Булак аймактык башкармалыгында жашаган жубайлар Каримберди уулу Нурсултанбек менен Элмира Абдыкалыковага бүгүн, 1-июлда кыздарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо 3 коляска белек кылынды. Кыздарга Мариям, Муслима жана Малика деген ысымдар ыйгарылган.

Жубайлар буга чейин бир кыздын ата-энеси болушкан.

  • Буга чейин 15-майда баткендик Жолболду кызы Айзирек айым төрөгөн 3 эм кыздарга Амина, Алия, Асия деген ысымдар ыйгарылган. Ал бул биринчи төрөтү экенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE