Баткен шаарындагы көчө 4,5 млн сомго асфальтталып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы Орозбай Абдрахманов көчөсүнө асфальт төшөлүп, тротуар да оңдолууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, асфальттоо иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Бул иштерге 4,5 млн сомдун ашуун акча каралган.

Курулуш иштерин «Үсен-Аман» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Үсен-Аман» ЖЧКсы 2011-жылы 17-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Калдарова Гулнара Калдаровна көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️