Баткен шаарындагы айрым көчөлөрдүн тургундары унаа менен таза суу ташууга аргасыз болушууда

TurmushБаткен шаарынын айрым көчөлөрүндө таза суу чыкпай, жашоочулар алыстан ташып келүүгө аргасыз болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Пиримкулов көчөсүндө таза суу эки-үч күндө бир чыгып, сууга кезекке тургандардын аягы үзүлбөй жатат. Жергиликтүү тургундар унаа менен башка көчөлөрдөн же айылдардан ташып калбоо үчүн болгон идиштерине толтурууга аракет кылышууда.

«Мындай абал кышында кыйнап жатты. Башка жактан унаа менен ташып келип бер деп, балдарга жалдырайбыз. Азыр эми сааты менен кээде чыкпай да калат. Ушу күйүүчү майдын бөтөлкөлөрүн да чайкап, суу толтурганга идиш кылабыз. Чыккан учурда башка ишти таштап, суу алып калбасак, токтоп калат. Болбосо бул — шаардын борбордук көчөлөрү, астыбызда базар бар. Көйгөйүбүз качан чечилет, билбейбиз», — дейт Пиримкулов көчөсүнүн тургуну Абиба Паизова.

Таза суу мекемеси суунун өчүрүлүп жатканын оңдоо иштерине байланыштырды.

«Негизи шаардагы таза суу түтүктөрү эски болгондуктан, 2019-жылдан тартып жаңылоо иштери башталган. Азыр да иш болуп жатат. Суунун өчүрүлүп турушунун себеби ушул. Шаар 3 аймакка бөлүнүп, иш аткарылып жатат. Азыр ортоңку бөлүктө иш жүрүп жаткандыктан, ошол аймактарда суу өчүрүлүп жатат. Анан түтүктөрдү текшерүү үчүн суу берилип жатат. Ал эми акыркы зонага суу бериле элек. Казак фирмасы иш алып барып жатат. Биз толук өзүбүзгө ала элекпиз», — дейт Баткен шаардык таза суу муниципалдык мекемесинин жетекчиси Дооронбек Мамадиев.

Эске салсак, Европа өнүктүрүү фондунан 4 млн евро каралып, 2019-жылы шаардагы түтүктөрдү толугу менен алмаштыруу долбоору иштеп баштаган. Мында ар бир үйгө суу киргизилип, өз-өзүнчө суу эсептегич орнотулат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️