Turmush — Баткен шаарында помидор, бадыраңдын 1 кг 70-80 сомго чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Сатуучулардын айтымында, бул жашылчалар буга чейин 30-40 сомдон сатылган. Бирок азыр кышкы камылгалар башталып, бадыраң туздоо, помидор кайнатуу, салаттарды жасоо иштери кызуу жүрүп жаткандыктан, базардагы жашылча, жер-жемиштердин баасы көтөрөлдү.
Баткен шаарындагы «Дыйкан» базарында помидордун 1 кг 2-3 жума мурда 40-50 сомдон сатылган. Учурда сапатына жараша 70-80 сомдон сатылууда.
— Бадыраңдын 1 кг – 70 сом
— Баклажандын 1 кг – 80 сом
— Капуста 1 кг – 30 сом
— Сарымсактын 1 кг – 250 сом
— Калемпирдин 1 кг – 150 сом
— Болгар калемпиринин 1 кг – 60сом
Пияз, сабиз, картошканын 3 кг 100 сомдон сатылууда.
Буга чейин 19-сентябрда Баткен облусундагы базарларда эттин баасы 50 сомго кымбаттаганы айтылган.
Маалыматка караганда, Лейлек районунда уйдун эти 550 сом, сулп эттин 1 кг 750 сом болуп жатат. Койдун эти 600 сом болуп жатат.
Баткен шаарында койдун эти 620 сом, уйдун эти 590-600 сом болууда.
Кадамжай районунда уйдун эти 600 сом, койдун эти 620 сом. Бул баалар 1 ай мурда 50 сомго арзан болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.