Пример HTML-страницы

Баткен шаарында милиционерлер менен куткаруучулар футболдо күч сынашты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен ӨКМдин куткаруучулары арасында футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, чүчүкулак тартылып, Баткен шаарындагы үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отряды менен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери күч сынашып, 9:1 эсебинде жеңиш ӨКМ куткаруучуларынын пайдасына чечилди.

Ал эми ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана шаардык ички иштер бөлүмү мелдешкен оюнда упай башкармалыктын эсебинде калып, жыйынтыгында 1-орунду ӨКМ куткаруучулары, 2-орунду башкармалык жана 3-орунду райондук ички иштер бөлүмү камсыздай алды.

Жыйынтыгында командалар демөөрчүлөр тарабынан грамота жана атайын баалуу белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE