Баткен шаарында көчөлөрдү кеңейтүү иштери улантылууда

TurmushБаткен шаарында көчөлөрдү, жолдорду кеңейтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, бул жолу 8-март көчөсүндөгү айрым үйлөрдүн тосмолору кызыл сызыктан чыгып кеткендигине байланыштуу тосмолор жылдырылып жатат. Бул ишке Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Баткен шаардык мэриясы менен биргеликте көзөмөл жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️