Баткен шаарында Баткен окуясында курман болгондорду эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-октябрда Баткен шаарында Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, Баткен окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышып, Баткен окуясында курман болгондордун эстелигине гүл коюлду. Анда 1999-2000-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү жана тарыхый окуяда аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондордун каармандыгы жана эрдиги эч качан унутулбай турганы белгиленди.

Эскерүү иш-чарасында курман болгондорго багышталып куран окулду.

26-октябрь 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет. Быйыл Баткен окуясына 25 жыл болду.

Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын Баткен районунунун аймагына басып кирип, аймакты өздөрүнүн базасына айландыруу, жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.

Пример HTML-страницы

Кыргызстандын күч органдары, кошуна мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттери менен согушкерлерди өлкө аймагынан сүрүп чыгарууга жетишкен. Бул куралдуу салгылашта Кыргызстандын 76 жараны курман болгон. Алардын 46сы аскер кызматкери. 100дөн ашуун жаран жараат алган.

Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️