Баткен шаарында алгачкы жолу үй тибиндеги бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-октябрда Баткен шаарында үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25 орундуу мекемени Баткен шаарынын тургуну Наргиза Нооманжан кызы ачты. Анын ачылыш аземине шаар жетекчилиги, билим берүү, тиешелүү тармактын кызматкерлери катышты. Бул Баткен шаарындагы алгачкы үй тибиндеги бала бакча.

Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда калаада мамлекеттик 6, жеке менчик 8 бала бакча бар. Жалпы 1715 бала бакчага тартылган. Ал эми мамлекеттик бакчаларга кезекте турган 1100 бала бар. Бул кезекке тургандардын гана көрсөткүчү. Бала бакча курагында, бирок бала бакчага барбаган бөбөктөр мындан да көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️