Баткен шаарында 30дан ашуун адамга жер тилкелери үчүн кызыл китеп тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында 30 дан ашуун адамга жер тилкеси үчүн кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жер мунапысы багытында иш-чаралар башталгандан бери жалпы 36 протокол кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаарында 1068 арыз келип түшкөн. Коомдук жерлерге курулуш куруп алган 92 жарандын арыздары кайтарылган.

2022-жылдын 31-майынан тарта 1024 жарандын 99,2 гектар жер аянттары мыйзамдаштырылып, мэриянын токтому менен бекитилди. Архитектура тарабынан 611 жаранга корутундулар берилген. Ал эми Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Баткен филиалы 328 жаранга мамлекеттик каттоо актыларын жана 309 жаранга техникалык паспортторду тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️