Баткен шаарында 250 миллион сомго муниципалдык базар курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Чет-Булак кварталына заманбап муниципалдык соода борбору курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган комплексти куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагынын «Айгүл-Таш» көмөк чордону участкасынан 15 гектар жер тилкесин бөлгөн. Бул жай ишке берилсе 2500дөн 3500гө чейин адам жумуш менен камсыз болот. Долбоордун жалпы суммасы 250 млн сомду түзөт. Бул каражат республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып жыл сайын бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен бөлүнөт.

Курулуш иштери 2023-жылдын октябрында башталган. Учурда соода-сатык комплексинин «А» бөлүгүнүн пайдубалы түптөлүп, курулушту монтаждоо иштери жүрүп жатат. Аны күз айларына бүткөрүү пландалган.

Ал эми быйыл муниципалдык соода-сатык комплексинин «Б» бөлүгүнүн курулушуна даярдык көрүү жана казуу иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын аягына «А» жана «Б» блогун ишке берүү аракеттери көрүлүүдө. Негизи объект 3 сектордон турат. Соода борборунда кийим-кече, азык-түлүк, айыл чарба, курулуш материалдар борборлору, тамактануу жана тейлөө жайлары, унаа базары, унаа токтоочу жайлар болот.

Бул аймакка электр энергиясы жеткирилген. Таза суу жана сугат суу жеткирүү иштери жергиликтүү бийлик менен инвесторлордун аракети менен ишке ашууда.

Пример HTML-страницы
  • Буга чейин 2023-жылдын сентябрь айында Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов базардын башкы планы, долбоору бүтүп, биринчи секторун куруп баштоо үчүн 48 млн сомго тендер жарыяланганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️