Пример HTML-страницы

Баткен шаарына заманбап 20 аялдама орнотулуп, ижарага берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарына заманбап 20 аялдама орнотулуп, ижарага берилерин Баткен шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы Акрам Акматов билдирди.

Анын айтымында, калаада коомдук транспорт үчүн жаңы ыңгайлуу шарттары менен 20 аялдама орнотулат.

Аялдамаларды орнотуу үчүн жайлар Баткен регионалдык архитектуранын чечими менен каралат. Ал эми дизайны муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде ишке ашырылат. Ошондой эле аялдамада транспорт күтүп отурганча, чөнтөк телефонун кубаттап алса боло турган мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары тургундардын коопсуздугу үчүн видео көзөмөл орнотулат. Таштанды челектер менен отургучтар ижарага алгандардын эсебинен жасалат.

Буга чейин М.Салихов көчөсүндө жолду кеңейтүү иштери жүрүп, тротуар курулган. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан курулмалар жылдырылып, аталган көчөдөгү аялдама да бузулуп алынган. Бул аялдама буга чейин жеке ишкер тарабынан курулуп, элге кызмат көрсөтүп келген. Учурда жеке ишкер менен аялдаманы алып кетүү макулдашылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE