Баткен шаарына Өзбекстандын делегациясы келди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-июлда Баткен шаарында Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров жолукту. Ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, чектеш район-шаар башчылары да катышты. Жетекчилер биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери, соода-экономикалык, туризм, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүштү.

2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программасына, 2023-жылдын 11-апрелинде Баткен жана Фергана облусунун ишкерлеринин ортосунда бир катар кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

— Учурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кувасай шаарында кыргыз соода үйүн ачуу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.

— Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу жалпы суммасы 530 миң долларлык долбоорго кол коюлуп, Өзбекстандын Самарканд шаарындагы «СамАвто» автозаводунан коомдук 10 транспорт жана катуу калдыктарды ташуучу атайын 2 техникалары алынып келинди.

Пример HTML-страницы

— Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүндө Өзбекстан Республикасына экспорттоо үчүн уюштурулуп жаткан көмүр конвеерин ачуу аракети көрүлүүдө.

— Кадамжай районундагы «Халмион Пром» жоопкерчилиги чектелген коому өзбекстандык өнөктөштөр менен биргеликте 2 чоң долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумдарга кол коюлган. Алар:

  • Кадамжай районунун Жеңиш айылында ысык суу жана суук суу үчүн трубаларды чыгаруучу завод куруу;
  • Кадамжай районунун Жеңиш айылында дары-дармек чыгаруучу жогорку технологиялык завод куруу аракеттери жүрүүдө.

Баткен облусунун сырткы байланыш багытында Өзбекстандын аймактары менен кызматташуу биринчи орунда келе жатат. 2023-жылы Баткен облусунун Өзбекстандын облустарынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин үлүшү 88,2% түзүп, 6,7 млрд сомдон ашык сумманы түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Баткен жана Фергана облустарынын товар жүгүртүүсү 1,1 миллиард сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️