Баткен окуясында каза болгон Рамазандын апасынын көксөөсү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айылынын 43 жаштагы тургуну Насикат Жетимишованын уулу Рамазан Бактияр уулу Баткен коогалаңында чек арада каза тапкан. Анын бүгүнкү күндөгү жашоосу тууралуу аймактык кабарчы таанышты.

Рамазандын апасы Насикат Жетимишова 4 уулдун апасы болгон.

«Биз 4 уулдун ата-энеси болгонбуз. Баткендеги каргашалуу окуяда улуу уулубуз Рамазан каза болуп калды. Андан кийинки 3 уулубуз бар. Уулубуз тирүү болгондо 25 жашка чыкмак. Андан кийинки 22 жаштагы Абубакир, 11-класстагы Абдувахит, 8-класстагы Кенжебек аттуу уулдарыбыз бар», — дейт ал.

Рамазан Бактияр уулу Баткенде 2,5 жыл иштеген.

«Рамазан 2019-жылы аскерден келип, үйгө 10 эле күн туруп, Баткенге контракт менен чек арага иштегени кетип калды. Ал жакта 2,5 жыл иштеди. Ал иштеп баштаганда эле уулубуз үйлөнөт деп, баарыбыз үй тургузуп баштаганбыз.

Пример HTML-страницы

Өзүбүз чек арага жакын аймакта жашагандыктан «Чоң-Капка» постунан солдаттарды көрүп, кичинесинен эле «ушундай военный болом» деп айта берчү. Кыялына жетип, өзү сүйүп иштеди.

Баткенде чыр башталганда эмгек өргүүдө эле. Колуна 60 миң сом эмгек өргүүсүн алып, мага тигүүчү машина сатып берди. Анан «апа мага ыраазысызбы, ушуну менен күнүмдүк оокат кылып тургула» деди эле. Жүрөгүм бир нерсе сезгенсип, жөнөткүм келген эмес. Бирок кызмат деп такыр болбой койду. Өзүнүн өлөөрүн билгендей ар бирибиз менен коштошуп, «Жарым жылдан кийин үй бүтсө үйлөнөм. Сиздерди жакшы келиндүү кылам» деп кеткен.

Уулубуз кетип бара жатканда үйдүн пайдубалы, чатыры туруп калган. Ичине кирип, абдан кубанып, «ушул үйгө келсем, той болсо» деди эле. Былтыр аяктап, көчүп кирдик. Башка инилери үйлөнүп, аман болушса деп тиленип отурабыз.

Мен уулумду өлдү деп санабайм. Ал Баткенде мекенге кызмат кылып жатат деп өзүмдү сооротом. Ошол уулум чек арада турганы үчүн, кыргыз элинин уйкусу тынч деп өзүмдү алдайм, ыйлабаганга аракет кылам. Эл унутпаса, аты өчпөсө деп тилейм. Азыр бир эле көксөөбүз бар. Рамазандын эстелигин коюп беришсе, же уруксат берсе өзүбүз деле иштеп аракетин көрмөкпүз. Башка балдарга көчөлөргө ысымдары берилип жатат. Рамазандын ысымы дагы унутулбаса дейбиз», — деди Насикат Жетимишова.

—————————————————————

Буга чейин Turmush Талас облусунун Манас районунда аскер кызматкери каза тапканын жазган.

«2022-жылдын 17-сентябрында Баткен окуясында мекен үчүн шейит кеткен Үч-Коргон айылынын кулуну Бактияр уулу Рамазандын ата-энесине жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

Бактияр уулу Рамазан 2000-жылы 13-декабрда Манас районунун Үч-Коргон айылында туулган. 2006-жылы Б.Миршакиров мектебине 1-класска барып, 2014-жылы аяктаган. Үй-бүлөдө 4-бир туугандын улуусу.

2020-жылы Нарын районундагы Тайлак баатыр атындагы №2025 чек ара аскер кошуунунда, андан соң Лейлек районундагы Кулунду чек ара тозотунда кызмат өтөгөн.

Социалдык тармактарга анын атышып жаткан учурдагы видеосу тараган болчу. Андан Рамазандын «… силер жакка атып жатат» деп айтып жатканын жана жарылуулардын үнүн угууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️