Баткен облусунун аймактарында сел жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-июлда саат 18:15 чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен сел келип, Баткен облусунун аймагында сел жүрдү.

ӨКМдин маалыматына караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларындагы 10 үйдүн, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирген.

Жеринде ыкчам топ жана 25 куткаруучу тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми Кадамжай районунун Чаувай айылында 6 бакчага (огород), 2 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирди. Калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Лейлек районунда саат 21:30дар чамасында нөшөрлүү жаандан улам Бешкент айылында 7 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 200 метр ички чарбалык арыкты кум шагылга толтурган. Куткаруучулар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️