Пример HTML-страницы

Баткен облусунун аймагына кирип-чыккан оор жүк ташуучу унаалар текшерилип, 27 айдоочуга 162,5 миң сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush1-сентябрдан 13-сентябрга чейин Баткен облусунун аймагына кирип-чыккан оор жүк ташуучу унаалардын 572си текшерилип, анын 27си мыйзам бузган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын Танспорттук көзөмөл пункту кызматынын башчысы Ихсан Маматов билдирди.

Анын айтымында, текшерүүгө алынган унаалардын арасынан 27 транспорттун ээсине айып пул салынды. Тактап айканда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренесинин негизинде 7 айдоочуга, 393-беренесинин негизинде 10 айдоочуга, 440-беренесинин негизинде 10 айдоочуга айып пулдар салынып, жалпы каражаттын суммасы 162500 сомду түзгөн.

Ошондой эле жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 7 айдоочудан 92080 сом өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы