Баткен облусунда быйыл 1 млн тонна көмүр өндүрүү күтүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда быйыл 1 млн тонна көмүр өндүрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облуста жалпы 50дөй көмүр кени болсо, учурда 40дан ашууну иштеп жатат. Баткен районунда ачылган Ормузанжана Дөгмөн-Кен көмүр шахталары өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө өбөлгө болду.

30-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгын утурлап, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөдө ачылуусу пландалган 100 объекттин катарында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көмүр өндүрүүчү «Догмон-Кен» ишканасы, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көмүр өндүрүүчү «Ормузан» ишканасы ачылган. Алардын ачылышына өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышкан.

Ормузан аймагындагы көмүр 1903-жылдан тарта белгилүү. Ал жерде 1965-1967-жылдары чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Бул жерде көмүрдүн 9 пласты бөлүнөт. СССР учурунда ал жерде шахта куруп, көмүр өндүрүү пландалган. Бирок СССР кулагандан кийин долбоор ишке ашпай калган. Ормузан кени Баткендин Дара айылындагы тоодо жайгашкан. СССР учурундагы чалгындоодо бул жерде көмүрдүн запасы 88 млн тоннага жетери аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️