Пример HTML-страницы

Баткен облусунда 3,5 миң бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда 5048 бүтүрүүчү болсо, анын 3556сы жалпы республикалык тестирлөөгө катышууда. Бул тууралуу Баткен облустук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-20-май күндөрү Лейлек районундагы Исфана, А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто мектептеринде, Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы гимназияда, А.Масалиев атындагыорто мектептерде тестирлөө өттү.

22-24-май күндөрү Баткен шаарындагы В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептеринде, Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы гимназиясында, Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектептеринде текстирлөө өтөт. Ага облустагы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 77% катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE