Баткен облусунда 25 объектти пайдаланууга берүү мерчемделип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда 14-октябрда 25 объект ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата ачылат.

Тизме:

1. «Баткен электр тармактар ишканасынын «административдик имараты;

2. Баткен шаарындагы кызматтык 7 турак үй;

Пример HTML-страницы

3. Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;

4. Баткен шаарынын «Жеңиш» эс алуу багындагы рест поинт;

5. Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;

6. Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;

7. Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;

8. Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;

9. Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;

10. Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор;

11. Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы «Жаш талимтай» бала бакчасы;

12. Кадамжай шаарындагы кызматтык 8 үй;

13. Кадамжай шаарынын аймагындагы «Улыбка» бала бакчасы;

14. Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;

15. Лейлек районунун Бешкент айылындагы Лайли орто мектеби;

16. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы «NOVA» мектеби;

17. Раззаков шаарындаг кызматтык 5 үй;

18. Лейлек районунун Саркент жаратылыш паркындагы 3 а-фрейм үйлөр;

19. Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;

20. Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;

21. Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;

22. Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;

23. Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;

24. Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;

25. Кызыл-Кыя шаарындагы кызматтык 6 үй.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️