Turmush — Баткен облусунда 14-октябрда 25 объект ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата ачылат.
Тизме:
1. «Баткен электр тармактар ишканасынын «административдик имараты;
2. Баткен шаарындагы кызматтык 7 турак үй;
3. Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;
4. Баткен шаарынын «Жеңиш» эс алуу багындагы рест поинт;
5. Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;
6. Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;
7. Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
8. Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;
9. Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;
10. Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор;
11. Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы «Жаш талимтай» бала бакчасы;
12. Кадамжай шаарындагы кызматтык 8 үй;
13. Кадамжай шаарынын аймагындагы «Улыбка» бала бакчасы;
14. Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;
15. Лейлек районунун Бешкент айылындагы Лайли орто мектеби;
16. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы «NOVA» мектеби;
17. Раззаков шаарындаг кызматтык 5 үй;
18. Лейлек районунун Саркент жаратылыш паркындагы 3 а-фрейм үйлөр;
19. Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;
20. Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;
21. Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
22. Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;
23. Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;
24. Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;
25. Кызыл-Кыя шаарындагы кызматтык 6 үй.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.