Баткен облусунда 16 миң гектар жерди чегирткелер каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда 16 миң 100 гектар жерден зыяндуу марокко чегирткеси аныкталды. Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 15150 гектар жерде чегирткелерге каршы химиялык күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү. 3 даана унаа дарылоо иштерине тартылган. Зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери Баткен районунун Рават, Кадамжай шаарынын Сары- Талаа, Кара-Жантак, Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Бешкент, Сумбула айыл аймактарында, Раззаков шаарында аткарылды.

Мындан сырткары Баткен шаарынын Паран участкасында, Баткен районунун Чек айылы, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Көк-Дөбө участкасында 55 гектар жердеги мөмөлүү бактарда жана жашылчаларда жашыл чегиртке аныкталды. Мамлекеттик бюджеттен марокко, италия прусу чегирткелерине каршы иштөөгө каражат каралат. Ал эми жашыл чегирткеге каршы дарылоо иштерин дыйкандар өздөрү жүргүзүшү керек.

Өрүк жыйноо өнөктүгү аяктаган соң бул багытта дыйкандар менен багбандарга дарылоо иштерин жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

  • Марокко чегирткеси талааларды, жарым чөлдөрды байырлашат. Алар жамгыр аз болуп, аба ырайы ысык болгондо көбөйүшөт. Бул чегирткелер айыл чарба өсүмдүктөрүн олуттуу зыян алып келишет.
  • Пример HTML-страницы
  • Италия прусу чегирткеси өсүмдүктөрдүн жалбырактарын, сабактарын жейт. Массалык каптоо учурунда бүтүндөй айдоо талааларындагы эгиндерди жок кылып кое алат.

15-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы учурда жалпы республика боюнча 76 миң 210 га айыл чарба аянттарында адистер тарабынан изилденген 54 миң 795 гектарда зыяндуу чегиртке бар экени аныкталганын, алардын 44 миң 950 гектарында химиялык иш-чара колдонуу менен зыяндуу чегирткелер жок кылынганын кабарлаган.

Адистердин берген болжолу боюнча быйылкы 2024-жылга чегирткенин таралуусу 65 миң гектар деп болжолдонуп, ага республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Бул багыттагы тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн министрликтин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин базасында жүргүзүлгөн.

Ага ылайык атайын 13 техника, аларга чиркелген 9 даана уу чачкычтары, 3 даана атайын техника пестициддерди жеткирүү үчүн, 12 трактор уу чачкычтар менен даярдалган.

«Быйыл жаздагы аба ырайына жана климаттык шарттарга байланыштуу мурда чыкпаган аймактарда, зыяндуу чегиртке очокторунун пайда болушу жана кескин көбөйүшү байкалууда.

Адистердин жер-жерлерден алган маалыматы боюнча, чегирткелердин таралышы 90 миң гектарга чейин жетиши мүмкүн.

Кыргызстанда чегирткелердин 50дөн ашык түрү кездешет. Чегирткелер негизинен үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Үйүрлүү чегирткелерге, Марокко чегирткеси жана Италия чегирткеси кирет. Аталган эки түр башка чегирткелерден айырмаланып, өтө чоң аянттарга таркалып, айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет. Алыс аралыкка учушат. Бир күндө 100 км аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү. Өтө сугалак. Салыштырмалуу айтканда, 500 миң чегиртке бир күндө 2500 адамдын тамагын жейт жана төлчүл келип, бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт.

Мындан тышкары коркунучу азыраак түрлөрү дагы бар. Алар – Туран чегирткеси, Чырым кобылкасы, Атбасар кобылкасы жана Сибирь кобылкасы. Кээ бир жылдары бул чегирткелердин популяциясы көбөйүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген учурлар катталган. Зыянкеч чегирткелердин биологиясы боюнча, алардын массалык чыгуулары ар бир 8-11 жылда болуп турат. Кыргызстанда:

— 1980-жылы – 570,0 миң гектарда;

— 1989-жылы – 160,0 миң гектарда;

— 2008-жылы – 157,0 миң гектарда;

— 2018-жылы – 146,0 миң гектарда катталган.

Зыяндуу организмге каршы күрөшүү жана фумигациялоо бөлүмү аркылуу чегирткени жок кылуу жумуштарынан сырткары дагы өсүмдүктөрдүн зыянкечтерден тазалоо иштери социалдык маанилүү обьектерде дагы жүргүзүлүп турат», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️