Баткен облусунда 110 дарыгер жетишпейт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусу боюнча 110 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу кечээ, 25-июлда 2024-жылдын 6 айдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда айтылды

Маалым болгондой, өткөн жылы 93 дарыгер жетишсиз болгон. Бул көрсөткүч быйыл 17ге көбөйгөн. Жыйында облус калкынын саламаттыгын тейлөөдө дарыгерлердин жетишсиздиги олуттуу кемчилик экендиги айтылып, тармактын жетекчилерине маселени чечүү керектиги эскертилди. Ага удаа эле келе турган дарыгерлердин үй шартын түзүп берүүгө облустук бийлик тарабынан жардам көрсөтүлөрү айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️