Батирдин эшигин ача албай, өртөөгө аракет кылган. Токмокто 76 жаштагы киши кармалды

TurmushТокмок шаарында 76 жаштагы жаран батирдин эшигин талкалап кирүүгө жана өрттөөгө аракет кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 7-январында Токмок ШИИБге Токмок шаарынын 1955-жылы туулган тургуну Ц.А. арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 6-январь күнү саат 22:00 чамасында Борончиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батиринин эшигин сындырып, өрттөп кетүүгө аракет жасаган белгисиз адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Токмок ШИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-216-беренесинде (башка бирөөнүн мүлкүн өрттөө ыкмасы менен жок кылуу же бузуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Токмок шаарынын 1947-жылы туулган тургуну С.Х. шектүү катары кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️